Радио

Султаналиева: ишкерлерде салык төлөө режимин тандоо мүмкүнчүлүгү бар

Мамлекеттик салык кызматынын атайын салык режимдерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Айнура Султаналиева эми ишкерлер жалпы салык режимине же жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасына өтөрүн айтты.
Sputnik
1-июлдан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода иши токтотулду. Ишкерлер жалпы салык режимине же жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасына өтүшү керек. Аны ишкер өзү тандайт. Бул тууралуу Айнура Султаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ККМ колдонуучулардын саны 100 миңге жетти. Бул — жакшы көрсөткүч.
"Азыркы тапта ишкерлерде салык төлөө режиминин каалаган түрүн тандап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар жалпы жана бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн системаны тандай алышат", — деди ал.
Бирдиктүү салыктын ставкалары:
жылдык кирешенин көлөмү 15 миллион сомго чейин болсо – 0 пайыз;
30 миллион сомго чейин – 0,5 пайыз;
50 миллион сомго чейин – 1 пайызды түзөт.
Эгерде 50 миллиондон ашык болсо, анда накталай эмес 2 пайыз, накталай 4 пайыз менен эсептелинет.
"Жалпы салык режимин тандоодо салык мыйзамдарына жана жалпы ставкаларга ылайык төлөнөт. Ошондой эле өзгөчө салык режими бар. Ага стратегиялык объектилерге кирген "Дордой" жана "Тураталы эл базары" ("Кара-Суу") өттү. Алар ККМ аппаратын колдонушпайт. Анткени көбүнчөсү экспорт-импорт менен иштешет", — деди Султаналиева.
Ал ошондой эле ишкерлер салык отчётторун тапшыруудан бошотулганын, жылына бир жолу декларация тапшырып коюшарын кошумчалады.