Адам өмүрүн алган FlyJump спорт комплексинин ээси кармалды

Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. – Sputnik. Аркан менен секирүү учурунда киши каза болгон Flayjump спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдун жакындары милицияга арыз жазышкан.

“Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 28 жаштагы Н.А. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, деди ОИИБ.

Милиция кырсыктаган 39 жаштагы Б.А. жеринде көз жумганын билдирди. Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталды.
Чуңкурчакта бийиктиктен секирген кишинин арканы үзүлүп кетип көз жумду