Чуңкурчак жайлоосундагы Кымыз фестивалынан керемет ирмемдер

Чуңкурчак жайлоосунда бүгүн, 6-июлда, Кымыз фестивалы болуп өттү.
Sputnik
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына арналган. Коноктор ширин суусундуктан татып, улуттук оюндарды, уз-чеберлердин кол эмгектерин тамшанып көрүштү.
Фестивалда ар кандай көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын түрлөрү жана кыргыз ашканасы менен таанышууга мүмкүн болду. Мындан тышкары, боз үйлөр шаарчасы курулуп, кол өнөрчүлөрдүн буюмдары, улуттук оюндар тартууланды.