Кондиционери бар. Бишкекте №153 экспресс-автобус жүрө баштайт

Каттамды 12 метрлик, 3 эшиктүү жана кондиционери бар 17 заманбап автобус тейлейт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкекте 8-июлдан тарта №153 экспресс-автобус жүрө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Ал 12-кичи райондон баштап аэропортко чейин барат.
Каттамды 12 метрлик, 3 эшиктүү жана кондиционери бар 17 заманбап автобус тейлейт. Аралыктары 10-12 мүнөт болот. Салондогу отургучтардын санына жараша жүргүнчү салынат.
Автобустар аялдамалардан гана токтойт. Жол кире акысы накталай төлөсө 140 сом, накталай эмес 122 сом болмокчу.
Бишкек — Астана — Бишкек автобус каттамы ачылды