Байден өзүн "Путинди токтото алган адам" деп атады

Америка лидери президинттикке кайра аттанганынын бир нече себебин айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден өзүн Россиянын лидери Владимир Путинди "токтото ала турган адам" экенин, НАТОну кеңейткенин жана Украинанын айланасына элүүдөй мамлекетти бириктиргенин айтты. Бул тууралуу ал президинттикке кайра аттанганынын себебине жүйө келтирип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Байденден ABC телеканалынын журналисти алдыңкы төрт жылда өлкөнү натыйжалуу башкара алар-албасын сураган.
"Мен НАТОну бириктирген адаммын. Көбү аны кеңейте аларыма ишенген эмес. Мен Путинди токтото алган жигитмин", — деген президент.
Ал Тынч океандык AUCUS альянсын түзгөнүн, Европада гана эмес, анын чегинен тышкары 50 өлкөнү Украинага жардам берүүгө көндүргөнүн, Японияны "бюджетин көбөйтүүгө" макул кылдырганын, Американын өнөр жайын өнүктүрүүгө Түштүк Кореядан ондогон миллиард долларлык инвестиция алууга макулдашканын эске салган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Россиянын аймагына сокку уруу Батышты согушка тартарын айтты