Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ чалгынчысы Киевди көзөмөлдөп, Зеленскийди өлүм менен коркуткандарды атады

Риттердин айтымында, нацисттик түзүлүштөр АКШ үчүн өтө ыңгайлуу курал катары кызмат кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Азов бригадасы* Владимир Зеленскийди Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзсө жаман болорун айтып, өлүм менен коркуткан. Бул тууралуу Американын мурдагы чалгын кызматкери Скотт Риттер Dialogue Works Youtube каналындагы маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Азовдун штаб башчысы Зеленскийге "Тынчтык келишими тууралуу ойлонбой эле кой. Ойлонсоң жашооң бүтөт" деген. "Азов"* мурда жасап жүргөндөрү менен эле алек. Тагыраагы, Украина башчысын Вальхалладан башканы тандаба деп өлүм менен коркутууда. Нацисттер Украинаны аягына чейин көзөмөлдөйт. Бул чындык", — деген ал.
Риттердин айтымында, нацисттик түзүлүштөр АКШ үчүн өтө ыңгайлуу курал катары кызмат кылат. Бул аларга Киевди көзөмөлдөөгө жана Россия менен күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Өткөн жумада Азов улуттук гвардиясынын штабынын начальниги* Богдан Кротевич социалдык тармакта украиналыктарды Россия менен тынчтык келишим түзүлсө кесепети жаман болорун айтып сестенткен.
* Россия Федерациясында тыюу салынган террордук уюм.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Киевдин оң кадамына үмүт артып ок атууну токтото албайбыз