"Азия балдары" оюнунда кыргызстандык боксчулар эки алтын медаль жеңди

Мындан сырткары, кыргызстандык спортчулар бокс мелдешинен үч коло алган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Азия балдары" оюндарында кыргызстандык боксчу Мухаммедкадыр Абдуманабов менен Ахмади Арваз алтын медаль жеңди.
Мелдеш Якутск шаарында өткөн.
Мухаммедкадыр Абдуманабов 63 килограмм салмактагылар арасында рингге чыккан. Ал финалда өзбекстандык Сухроб Рахматуллаев менен беттеш өткөрүп, 3:2 эсебинде жеңген. Ага чейин беларустук мушкерди 5:0, казакстандык атаандашын 4:1 эсебинде утуп алган.
Ал эми 66 килограммга чейинки салмакта чыккан Ахмади Арваз финалдык беттеште россиялык Егор Губин менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңүүчү аталган. Ага чейин алгачкы беттешинде россиялык Самвел Мкртчянды жеңсе, андан соң өзбекстандык Засурбек Усмонжоновду артка калтырган.
Ошондой эле 52 килограмм салмакта Даниил Булавкин, 46 килограмм салмакта Нурсултан Дүйшөналиев жана 70 килограмм салмак ченде Халилибраим Асанов коло медаль тагынган.
Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курамасында жалпы 12 мушкер барган. Команданы башкы машыктыруучу Айбек Байсаяков жетектейт.
23 жашка чейинки КР балбандары Иорданияда медалдын баарын алууда