Акылбек Жапаров Чуңкурчакта өтүп жаткан Kymyz Fest фестивалына барды. Сүрөт

Иш-чарага 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан Kymyz Fest – 2024 этникалык фестивалына барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 8

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жаткан Kymyz Fest – 2024 этникалык фестивалына барганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

2 / 8

Ага ылайык, минкаб башчысы айыл чарба, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты

3 / 8

Ал улуттук тамак-ашты, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, улуттук оюндарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн атайын программа түзүлгөнүн белгиледи

4 / 8

Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт

5 / 8

Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат

6 / 8

Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү

7 / 8

Иш-чарага 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө

8 / 8

Иш-чарага 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө

Ага ылайык, минкаб башчысы айыл чарба, кол өнөрчүлүк жана кымыздын түрлөрүнө арналган көргөзмө-жарманке менен таанышты. Ал улуттук тамак-ашты, улуттук кийимдер, музыкалык аспаптар, улуттук оюндарды сактоо жана өнүктүрүү үчүн атайын программа түзүлгөнүн белгиледи.
"Кымыз – бул оригиналдуу улуттук даам. Кыргыз элинин тарыхын кымыздын тарыхынан бөлүп кароого болбойт. Кымыз майрамы биримдикке, ынтымакка, улуттук каада-салтты сактоого чакырат. Мындай фестивалдарды өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүү маанилүү", — деген Жапаров.
Иш-чарага 10 тоннага жакын кымыз алып келүү пландалып, 10 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.
Жан багуу туризминен көтөрүлүшүбүз керек. Максат Чакиев өнүгүү жолу тууралуу