7-июлга карата аба ырайы

7-июлга караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жекшембиде күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл жергесинде +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Борбор калаада өткүн өтүп, күн күркүрөп +30...+32 градус ысык болсо, Ош шаарында күндүн табы +33...+35, Чолпон-Атада +21...+23 градуска жетери күтүлүүдө.
Ысык-Көлдөгү пансионатты суу каптап, 145 киши эвакуацияланды. Сүрөт