Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Россиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу тышкы ведомстводон билдиришти.Алар эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүүнү, саясий диалогду тереңдетүүнү жана соода-экономикалык, гуманитардык маселелерди талкуулады. Эске салсак, Сергей Вакунов бул кызматка 18-июнда дайындалган.
Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 8-12-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ кабарлады. "8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. ӨКМ сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону эскертти.
Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын тизмеси кайрадан түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, токтом долбоору көпчүлүктүн нааразычылыгынан улам коомдук талкуудан алынган. "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүүдө. Алар долбоорду толуктап, кайрадан иштеп чыгат", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, билим берүү уюмдарында педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш экени кошумчаланды.Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык иш жүргүзүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин бекитүүнү сунуштаган.
Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖОЖго кабыл алуунун босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды. Кесиптерге жараша босого баллдын көрсөткүчү төмөнкүдөй: Педагогикалык билим берүү жана укук коргоо иши боюнча даярдоо багыттары үчүн бюджетке — 120. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына –115, предметтик тест – 60; Саламаттык сактоо багыттары үчүн бюджетке —120 балл, келишим боюнча — 110, ал эми предметтик тест — 60; Айыл чарба боюнча бюджет жана келишимдик окууга —100, предметтик тест — 60;.
ШКУга өз алдынча өнүгүүнү каалаган өлкөлөр кирет. Уюмдун кеңейиши Евразия мейкиндигинде жайгашкан мамлекеттер коркунучтарды биргелешип чечүү жолдорун издеп жатканын айгинелейт. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Артем Туров билдирди. Адис Sputnik маалымат борборунда өткөн "Казакстандагы ШКУ саммитинин жыйынтыгы" аттуу видеоконференцияга катышкан. Депутат Беларустун уюмга кириши менен ШКУнун чек аралары кеңейгенин эске салды. Учурда курамында 10 өлкө бар.