Өткөн жылы кыргызстандыктарды 13 миңден ашуун дарыгер тейлеген

Статистика боюнча, өлкөдөгү 10 миң адамга 19 дарыгер туура келген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. Буга байланыштуу Улуттук статистика комитети 2023-жылга карата өлкөдөгү медицина кызматкерлери тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Анда өткөн жылы өлкөдө 193 оорукана, 43 алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюм, эки тез жардам көрсөтүү станциясы жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт иштегени айтылат.
Ал эми калкты тейлеген дарыгерлердин саны 13 миңден ашып, медайымдар 34 миңге чукулдаган. Бул республика калкынын 10 миң кишисине 19 дарыгер жана 48 орто медициналык кызматкер туура келет дегенди билдирет. Аймактар боюнча алсак, сандар төмөнкүдөй:
Бишкек шаарынын 10 миң тургунуна — 23 дарыгер, 32 орто медициналык кызматкер;
Ош шаарынын 10 миң тургунуна — 24 дарыгер, 43 орто медициналык кызматкер;
Чүй облусунун 10 миң тургунуна — 12 дарыгер, 31 орто медициналык кызматкер;
Талас облусунун 10 миң тургунуна — 10 дарыгер, 46 орто медициналык кызматкер;
Жалал-Абад облусунун 10 миң тургунуна — 12 дарыгер, 46 орто медициналык кызматкер;
Нарын облусунун 10 миң тургунуна — 12 дарыгер, 50 орто медициналык кызматкер;
Ысык-Көл облусунун 10 миң тургунуна — 12 дарыгер, 43 орто медициналык кызматкер;
Ош облусунун 10 миң тургунуна — 15 дарыгер, 48 орто медициналык кызматкер;
Баткен облусунун 10 миң тургунуна — 15 дарыгер, 66 орто медициналык кызматкер туура келет.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы 2023-жылы 9 пайызга көбөйүп, 20 739 сомду түзгөн.
Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды