ЖОЖдорго кабыл алуу: босого балл жана 1-тур качан башталары белгилүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуунун I туру 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЖОЖго кабыл алуунун босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердики 60 бойдон калтырылды.
Кесиптерге жараша босого баллдын көрсөткүчү төмөнкүдөй:
Педагогикалык билим берүү жана укук коргоо иши боюнча даярдоо багыттары үчүн бюджетке — 120. Келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына –115, предметтик тест – 60;
Саламаттык сактоо багыттары үчүн бюджетке —120 балл, келишим боюнча — 110, ал эми предметтик тест — 60;
Айыл чарба боюнча бюджет жана келишимдик окууга —100, предметтик тест — 60;.
I жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, тоголок жетим жана ата-эненин көзөмөлүсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден/багыттардан тышкаркы бардык адистиктерге/багыттарга гранттык орундарга негизги тест — 105 балл, келишим боюнча —100;
ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясына сырттан окуу формасына тапшыруучу абитуриенттер үчүн — 100;
Куралдуу күчтөрдүн генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтуна — 100.
Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 15-июлда башталат