Венгриянын премьери Виктор Орбан Москвага барды

Талкуулана турган маселелердин арасында Украинадагы кризис дагы бар экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Россияга барды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орбан Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзөт.
Талкуулана турган маселелердин арасында Украинадагы кризис дагы бар экенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков тастыктаган.
Эске салсак, Орбан бул жумада Киевде болуп, Владимир Зеленский менен жолугушуусунда согуш отун токтотууну өтүнгөн. Украина бул сунушту четке каккан.
Орбан: Европаны согушка кептей турчу поездди жайлатууга мүмкүн болду