Улуу Британиядагы парламенттик шайлоо. Риши Сунак премьерликтен кетерин тастыктады

Британияда парламенттик шайлоо 4-июлда болуп, анда Лейбористтик партия жеңишти камсыздоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри жана консерваторлордун лидери Риши Сунак парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча премьер-министрликтен кетерин тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Британияда парламенттик шайлоо 4-июлда болуп, анда Лейбористтик партия жеңишти камсыздоодо.
"Азыр Лондонго барып, премьер-министрлик кызматтан кетер алдында ишимдин жыйынтыгы тууралуу отчет берем", — деген Сунактын сөзү келтирилген маалыматта.
Риши Сунак жеңиши менен куттуктоо үчүн лейбористтердин лидери Кир Стармерге чалганы белгиленди.
Маалыматка ылайык, 70 пайыздан ашык шайлоо округунун бюллетень санагынан кийин Лейбористтер партиясы көпчүлүк орунду алууда. Тактап айтканда, 474 округдун бюллетенин санагандан кийин лейбористтер 331 мандатка ээ болот. Экинчи орунда 72 орун менен консерваторлор, үчүнчүдө 45 мандат менен либералдык демократтар келе жатат. Улуу Британияда жалпы 650 шайлоо округу бар. Парламенттик көпчүлүктү камсыздаш үчүн алардын 326сынын колдоосун алуу керек.
Байден дебатта уят болгонун мойнуна алды. Трамптын жаңы сунушу