ТИМ башчысынын биринчи орун басары РФтин Кыргызстандагы жаңы элчисин кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Россиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу тышкы ведомстводон билдиришти.
1 / 2

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Россиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

2 / 2

Алар эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүүнү, саясий диалогду тереңдетүүнү жана соода-экономикалык, гуманитардык маселелерди талкуулады

Алар эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүүнү, саясий диалогду тереңдетүүнү жана соода-экономикалык, гуманитардык маселелерди талкуулады.
Эске салсак, Сергей Вакунов бул кызматка 18-июнда дайындалган.
Садыр Жапаров миссиясын жыйынтыктап жаткан Россия элчисин сыйлады