Сокулукта жана Кара-Балтада завод курулат. Канча иш орду пайда болот?

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Чүй облусунда эки завод курулат. Мындай чечим министрлер кабинетинин 4-июлдагы жыйынында кабыл алынган.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, отурумдун күн тартибине жалпы 22 маселе киргизилген. Алардын ичинен өндүрүш багытында долбоорлор боюнча чечимдер кабыл алынганы белгилүү болду.
"Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 гектар айыл чарба жеринин категориясынын багыты өзгөртүлгөн. Эми ал жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарында "Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети менен "Зилан Эверсун Текстиль" ЖЧКсынын ортосунда макулдашууга кол коюлган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кара-Балтада күнүнө 80 тонна кездеме чыгаруучу фабрика ачылып, анда миңдеген жумуш орундары түзүлөрүн билдирген.
Акылбек Жапаров Чүйдөгү минералдык жүн, шифер чыгарган заводдорго барды