Пресс-борбор

РФ депутаты: ШКУга өз алдынча өнүгүүнү каалаган өлкөлөр кирет

Депутат Беларустун уюмга кириши менен ШКУнун чек аралары кеңейгенин эске салды. Учурда курамында 10 өлкө бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. ШКУга өз алдынча өнүгүүнү каалаган өлкөлөр кирет. Уюмдун кеңейиши Евразия мейкиндигинде жайгашкан мамлекеттер коркунучтарды биргелешип чечүү жолдорун издеп жатканын айгинелейт. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Артем Туров билдирди.
Адис Sputnik маалымат борборунда өткөн "Казакстандагы ШКУ саммитинин жыйынтыгы" аттуу видеоконференцияга катышкан.
Депутат Беларустун уюмга кириши менен ШКУнун чек аралары кеңейгенин эске салды. Учурда курамында 10 өлкө бар.
"Бул Евразия мейкиндигинде жайгашкан мамлекеттер азыркы дүйнөдөгү чакырыктар менен коркунучтарды чечүү жолдорун биргеликте издеп жатканын айгинелейт. Алар экономикалык, гуманитардык жана коопсуздук тармагында алака түзүүнү каалашат", — деди депутат.
Ал уюм дагы жаңы мүчөлөр менен толукталарына ишенерин айтты.
"Басымсыз, мыйзамсыз, санкциясыз, саясий, экономикалык жана маалыматтык кийлигишүүсүз өнүгүүнү каалаган өлкөлөр абдан көп. Буга чейин либералдык батыш экономикасынын диктаты, долларды колдонуу менен байланышкан соода жүгүртүү акырындык менен жоюлат деп угуп келсек, азыр иш жүзүндө көрүп жатабыз", — деди Туров.
ШКУ өлкөлөрү санкциялардын бир тараптуу колдонулушуна каршы