Пресс-борбор

Эксперт: ШКУ Евразиядагы интеграция сөзсүз болчу процесс экенин көрсөттү

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) евразиялык мейкиндиктеги интеграция сөзсүз боло турган процесс экенин далилдөөдө. Бул тууралуу Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) Стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдор институтунун директору Дмитрий Егорченков билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеоконференцияга катышкан.
Эксперт ШКУ маселелерди блоктук тирешүү принцибинде эмес, диалогдун алкагында чечүүгө жөндөмдүү экенин көрсөткөнүн айтты. Ал белгилегендей, уюм дал ушунусу менен мамлекеттерди өзүнө тартууда.
"ШКУ евразиялык мейкиндиктеги интеграция сөзсүз боло турган процесс экенин көрсөтүүдө. Бул уюмдагылар бир гана жол менен өнүгө алат дегендик эмес. ШКУ башка интеграциялык процесстер менен жигердүү иштешүүдө. ШКУнун мүчөлөрү ЕАЭБ, БРИКС аркылуу дагы кызматташып иштөөдө. Бул дагы бир жолу америкалык "достор" мезгил-мезгили менен айтып тургандай, эл аралык алакаларда туура жол жападан жалгыз болбой турганын көрсөтүп турат", — деди Егорченков.
Пресс-борбор
РФ депутаты: ШКУга өз алдынча өнүгүүнү каалаган өлкөлөр кирет