ШКУ келечекте эсептешүүнүн параллель системасын түзө алары айтылды

Астанада өткөн саммитте Россия президенти Владимир Путин ШКУнун өзүнүн төлөм жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуусун сунуштаганын эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. ШКУнун келечекте эсептешүүнүн параллель системасын түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындай ишенимин Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) Стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдоо институтунун директору Дмитрий Егорченков билдирди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн "Казакстандагы ШКУ саммитинин жыйынтыгы" деп аталган видеокөпүрөдө билдирди.
Астанада өткөн саммитте Россия президенти Владимир Путин ШКУнун өзүнүн төлөм жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуусун сунуштаганын эске салган. Видеокөпүрөнүн катышуучуларына ШКУ мамлекеттеринин валюта алакасынын келечеги тууралуу суроо узатылды.
Соболго биринчи болуп кыргызстандык экономист Нургүл Акимова жооп берди. Анын айтымында, ШКУ аянтчасында мындай маселе 2015-жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Россия менен Кытайдын башкы банктары келишим түзүп, улуттук валюта менен эсептеше баштаган бир нече жыл мурун реалдуу иштей баштады. Акимова мындай эсептешүү үчүн борбордук банктардын ортосунда укуктук жана келишимдик базанын түзүлүшү зарыл экенин белгиледи.
Кийинки болуп Егорченков сүйлөдү. Россиянын Элдердин достугу университетинин (РУДН) Стратегиялык изилдөөлөр жана божомолдоо институтунун директору акча которуу жана банк системасы азыркы тапта "жаатташкан тараптын" колунда экенин, ушул жагдай аларга санкция киргизүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.
"Альтернативдүү форматтарды издөө башталды. Менимче, ШКУнун параллелдүү трансулуттук система иштеп чыгууда келечеги бар. Кызыкдарлар көп болот", — деди ал.
Егорченковдун айтымында, ШКУ мамлекеттеринин соода жүгүртүүсүнө бут тосулуп, мыйзамсыз санкциялар киргизиле берсе башка жолдорду, ыкмаларды издөө керек.
"Бирөөнүн аянтчасында иштеп, сенин кызыкчылыгыңды сакталышын талап кылуу мүмкүн эмес. Процессти тескейм десең — өзүңдүкүн түз. Азыр баары ушул багытка ык алууда, ШКУнун алкагында да ушундай процесстер жүрүп жатат", — деди ал.
Пресс-борбор
Эксперт: ШКУ Евразиядагы интеграция сөзсүз болчу процесс экенин көрсөттү