Адис: селден улам азык-түлүк тартыштыгы жаралат деген коркунуч жок

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мухтар Чыналиев быйыл өлкөдөгү 215 гектар айдоо аянтын сел каптаганын айтты.
Sputnik
Быйыл жамгырлуу болуп, селден көп айдоо аянттары зыянга учурады. Бирок бул тилсиз жоо улуттук азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жарата албайт. Бул тууралуу Мухтар Чыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл селден айрымдар ири чыгымга учураганы менен жамгырлуу жылда көпчүлүк дыйкандардын түшүмү мол болот.
"Жакында эле Ош облусунун Ноокат районунда 7,5 гектар айдоо жерди сел каптады. Жалпы жонунан быйыл селдин кесепетинен өлкөдө жалпы 215 гектар жер зыянга учурады. Республикадагы айдоо аянтынын көлөмү 1 миллион 232 миң гектар. Зыян тарткан 215 гектар жер улуттук азык-түлүк коопсуздугуна чоң таасир бербейт, болжолдонгон түшүмдү алабыз. Албетте, сел каптаган дыйкандар ири чыгым тартты, бирок жалпы өлкөдөгү азык-түлүк кырдаалына катуу таасир эте албайт. Өткөн жылдарга салыштырсак, буга чейин кургакчылык болуп келген, быйыл жаан-чачын көп болду. Бул өңүттөн алып караганда быйыл жыл жакшы, жамгыр көп болгону дыйкандарга пайдалуу", — деди Чыналиев.
Ошондой эле ал селден зыян тарткан айдоо жерлерди калыбына келтирүүгө министрлик көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.
Тема боюнча:
ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады