Садыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти. Делегациянын курамы

Делегациянын курамында төрт адам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин президенттеринин бейформал саммитине катышат.
Уюмдун мамлекет башчылары кезексиз жолугушууда "Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу" темасынын алкагында талкуу жүргүзөт.
Делегациянын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов;
транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.
Жапаров: ШКУнун демилгелери коопсуз, гүлдөп-өнүккөн аймак курууга багытталган