Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Киевдин оң кадамына үмүт артып ок атууну токтото албайбыз

Президент Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүгө Стамбул макулдашуусу негиз болуп бериши мүмкүн экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия Украинанын "позитивдүү кадамына" үмүт артып ок атууну токтото албайт. Бул тууралуу өлкө башчысы Владимир Путин билдирди.
"Экинчи тараптын кандайдыр бир оң кадамдарды жасаарынан үмүт кылып азыр ок атууну токтото албайбыз. Абалын жакшыртып, куралдуу кагылышууну улантууга даяр болуп алуусуна убакыт бере албайбыз", — деди Путин Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Анын айтымында, Украина кайра кайткыс жана Россия кабыл ала тургандай чечимдерге келгидей болушу керек. Президент Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүгө Стамбул макулдашуусу негиз болуп бериши мүмкүн экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, Владимир Путин 4-июль күнү Казакстандын борбор калаасында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Трамптын Украинадагы согушту токтотууга даярдыгына олуттуу карайбыз