Орбан Путин менен жолугушту. Европа биримдиги буга нааразы

Европа биримдиги Орбандын Россияга сапарын биригүү стратегиясына туура келбейт деп эсептөөдө. Анткени ал Москва менен мамиледеги чыңалууну басаңдатуу максатын көздөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан бүгүн Москвага барып, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.
Венгриянын өкмөт башчысынын маалымат катчысы Берталан Хаваши ЖМКларга билдиргендей, тараптар Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулайт. Эске салсак, Венгрия жылдын экинчи жарымынан тарта Евробиримдиктин кеңешине төрагалык кылууда.
Буга чейин Орбан тараптарды атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө ынандыргысы келерин жергиликтүү радиостанцияга билдирген.
Бирок Еврокеңештин башчысы Чарльз Мишель "Орбан Москвага барат" деген маалыматтар чыкканда "Венгриянын Евробиримдикке болгон төрагалыгы уюмдун атынан Россия менен байланышууга мандат бербей турганын тактаган. Ал эми Орбан Венгрия мындай мандатка муктаж эместигин, анткени өз атынан иш жүргүзүп жатканын белгилеген.
2-июлда Венгриянын премьер-министри Киевге барып, Владимир Зеленскийди Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн даярдоо үчүн убактылуу ок атышпоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырган. Бирок демилге четке кагылган.
Европа биримдиги Орбандын Россияга сапарын биригүү стратегиясына туура келбейт деп эсептөөдө. Анткени ал Москва менен мамиледеги чыңалууну басаңдатуу максатын көздөйт.
Венгриянын премьери Виктор Орбан Москвага барды