ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады

Өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюңуз. Чалуулар күнү-түнү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан боюнча 5-6-7-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу айрым райондордо сел жүрүү жана унаа жолдорунда таш кулоо коркунучу бар экенин эскертет.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти сел жүрүшү мүмкүн болгон жерлерди тизмектеди:
Баткен облусу: Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондору;
Ош аймагы: Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондору;
Ысык-Көл региону: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондору;
Чүй жергеси: Панфилов, Жайыл жана Кемин райондору;
Нарын облусу: Жумгал, Кочкор жана Нарын райондору.
Мындан тышкары, таш кулоо коркунучу бар жолдор аталды:
Бишкек — Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымында;
Балыкчы — Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
Талды-Суу — Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
Ош — Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдары.
ӨКМ элди сак болууга чакырып, өзгөчө кырдаалга күбө болгон учурда 112 номерине кабарлап коюуну өтүнөт. Чалуу күнү-түнү акысыз.
Пресс-борбор
ӨКМ: Кыргызстанда эки жарым айда 236 ирет сел жүрүп, 17 адамдын өмүрүн алды