Бүгүн Жалал-Абадда футбол боюнча CAFA U-20 Championship турнири башталат

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бүгүн, 5-июлда, Жалал-Абад шаарында футбол боюнча CAFA U-20 Championship-2024 турнири башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан менен бирге "А" тайпасында жайгашкан. Кыргызстандын курамасы Афганстандын футболчулары менен беттешип, турнирдеги жолун баштайт.
Эске салсак, аталган турнир 5-12-июль күндөрү Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан, Иран жана Түркмөнстан командалары катышат.
КР футболчуларынын дүйнө чемпионатына тандоонун 3-турдагы атаандаштары аныкталды