Кыргызстандыктар Россиядан ондогон тонна азык-түлүк алышты. Сүрөт

Кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган долбоорлорго катышканы үчүн сыйлык катары азык-түлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 4-июлда Россиянын Башкы консулдугунун кызматкерлери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия тарабынан берилген азык-түлүктү бөлүштүрүү иш-чараларына катышты. Бул тууралуу РФтин Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
1 / 2

4-июлда Россиянын Башкы консулдугунун кызматкерлери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия тарабынан берилген азык-түлүктү бөлүштүрүү иш-чараларына катышты

2 / 2

Россия Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат

Үч долбоордун алкагында бөлүштүрүлгөн продукция:
16 380 кг азык-түлүк (буудай уну жана өсүмдүк майы) — Ош облусунун Алай районундагы Кең-Жылга айылындагы ирригациялык системаны жана көпүрөнү куруу долбоору;
19 984 кг — Ош облусунун Алай районундагы Тогуз-Булак айылында табигый кырсыктарды алдын алуу максатында дарыянын жээктерин бекемдөө долбоору;
32 432 кг — Ош облусу, Кара-Суу районунун Мады айылындагы ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү долбоору.
"Айыл тургундары жана долбоордун катышуучулары орус-кыргыз достугунун бекемдигин белгилешти. Ошондой эле алыскы аймактар үчүн мындай колдоо өтө маанилүү экенин жана кызматташуу уланарына ишенимин билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Россия Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Соңку 10 жылдын ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргызстандыктарга ар кандай деңгээлде, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүүдөн баштап өнүгүү жана социалдык коргоого чейин колдоо көрсөтүп келет.
Эске салсак, кыргызстандыктар Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан колдоого алынган долбоорлорго катышканы үчүн сыйлык катары азык-түлүк алышат.
Россиянын БУУ аркылуу кыргызстандыктарга берген кезектеги жардамы. Видео