Кыргызстанда Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт

Сметалык баасы – 11 миң сом. Сапаты мыкты болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда сентябрь айынан тарта Meken бренди менен смартфондор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз индустрия" ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов билдирди.
Смартфондорду ата мекендик адистер чогултат. Көпчүлүк тетиктер чет өлкөдөн алып келинип, телефондун корпустары өлкөдө жасалат. Бул үчүн жабдуулар сатып алынган.
Meken смартфондору чет өлкөнүкүнө караганда 10-15 пайызга арзан болот. Сметалык баасы – 11 миң сом. Абдураимов сапаты мыкты болорун убада кылууда.
"Кыргыз индустрия" келерки жылы турмуш-тиричилик техникаларын да чыгарууну пландоодо.
Акылбек Жапаров Чүйдөгү унаа чогултуучу заводду көрдү. Сүрөт