Мугалимдикке тоскоол болгон оорулар. Документ коомдук талкуудан алынды

Токтом долбоорун түзүлүп жаткан жумушчу топ кайрадан иштеп чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулардын тизмеси кайрадан түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, токтом долбоору көпчүлүктүн нааразычылыгынан улам коомдук талкуудан алынган.
"Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүүдө. Алар долбоорду толуктап, кайрадан иштеп чыгат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, билим берүү уюмдарында педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш экени кошумчаланды.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык иш жүргүзүү укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин бекитүүнү сунуштаган. Мында соттолгондор боюнча түшүнүктүү болгону менен оорулардын тизмеси коомчулукта нааразычылык жаратты.
Соттолгондор менен айрым оорулууларды мугалимдикке албоо сунушталды. Тизме