Улуу Ата Мекендик согуштун багытын өзгөрткөн Курск салгылашуусу. Тарыхый видео

Курск салгылашынан кийин фронттогу тараза ташы Кызыл Армиянын пайдасына оогон эле.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 1943-жылдын 5-июлунда Улуу Ата Мекендик согуштун нугун өзгөрткөн Курск салгылашуусу башталып, кандуу кармаш 254 миңден ашуун советтик жоокердин өмүрүн алган. Тарыхый окуяны Sputnik Ближнее зарубежье каналы эске салып, видео жарыялады.
Немецтик командачылык 1943-жылдын жай айында "Цитадель" деп аталган операциясын баштаган. Алар советтик аскерлерди Курск кырында талкалоону максат кылышкан. Советтик аскердик чалгын немец армиясынын даярдыгын өз учурунда аныктап, бетин ачкан. Жогорку командачылык коргонууга өтүү чечимин кабыл алган.
Курск салгылашуусу Улуу Ата Мекендик согуштагы тагдыр чечкен салгылаштардын бири болгон. Анда советтик 254 470 аскер өмүрүнөн ажыраган. Бул салгылаштын жыйынтыгы менен 100 миңден ашык адам орден-медалдар менен сыйланса, 231 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Курск салгылашынан кийин фронттогу тараза ташы Кызыл Армиянын пайдасына оогон эле. Гитлерчилер согуштун бардык жагында коргонууга өтүп, фашисттик блок кулай баштаган.
Совинформбюро, Левитан, майдан. Архивдик видео