Кир Стармер Улуу Британиянын премьери болуп, жумушуна расмий киришти

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Лейбористтер партиясынын башчысы Кир Стармер расмий түрдө Улуу Британиянын 58-премьер-министри болгонун Букингем сарайынын билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
"Падыша бүгүн Кир Стармерди кабыл алып, жаңы администрацияны түзүүнү суранды. Стармер анын өтүнүчүн кабыл алды", — деп жазылат.
Британиянын жаңы премьери өлкөдө жаңыланууну болорун убадалап, өкмөт саламаттык сактоо тармагын, чек ара коопсуздугун жакшыртуу, көчөлөрдөгү кылмыштуулукту азайтуу жана энергияга болгон төлөмдөрдү төмөндөтүү боюнча иш алып барарын айткан.
Стармер кесиби боюнча юрист. Падышалыктын мурдагы жактоочусу жана прокурору.
Британ парламентине шайлоо 4-июлда өтүп, анда Лейбористтер партиясы жеңишке жеткен. Консервативдик партиянын башчысы Риши Сунак шайлоонун жыйынтыгынан кийин Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетерин айтып, Стармерге телефон чалып жеңиши менен куттуктаган.
Улуу Британиядагы парламенттик шайлоо. Риши Сунак премьерликтен кетерин тастыктады