Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Киев аскердик абалда болуу үчүн ок атышууну токтотууга жол бербейт

Венгриянын премьер-министри Орбан Путин менен Украинада тынчтыкка жетүүнүн эң кыска жолун талкуулаганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Киев аскердик абалды сактап туруу үчүн ок атышууну токтотууга жол бербейт. Бул тууралуу Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен россия-венгр сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча айтып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.

"Менин байкаганым боюнча, чыр-чатакты Киев режими аскердик абалды улантуу үчүн да токтотпой жатат. Эгер аскердик абалды жокко чыгарса шайлоо өткөрүш керек болуп калат. Анда азыркы бийликтин жеңишти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жокко эсе болот", — деген Путин.

Ошол эле маалда Венгриянын премьер-министри Орбан Путин менен Украинада тынчтыкка жетишүүнүн кыска жолун талкуулаганын билдирди.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Путин менен сүйлөшүү үчүн Москвага жума күнү келген. Венгрия 1-июлдан баштап алты ай бою Евробиримдик кеңешине төрагалык кылат.
Орбан Путин менен жолугушту. Европа биримдиги буга нааразы