Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 15-июлда башталат

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 2024-2025-окуу жылына кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Кесиптик лицейлерге тапшыруу үчүн бүтүрүүчү сайтына кирип, катталышы керек. Андан соң профилдеги маалыматты толтуруп, жаккан адистикти тандайт.
Кесиптик лицейлерде бюджеттик негизде окуу үчүн 16,5 миң бүтүрүүчүнү кабыл алуу пландаштырылганы айтылды. Каттоо 30-августка чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстанда "алтын сертификатты" 56 абитуриент алды. Тизме