Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды

Шаар бийлиги Батыш автобекети менен "Ош" базарын калаа сыртына чыгаруу тыгынды азайтуу үчүн зарыл экенин айтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды.
Батыш автобекети, "Ош" базары дал ушул шаарчага көчүрүлүп, ал жакка турак үйлөр да түшөт. Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт.
1 / 5

Бишкектин четиндеги Пригородное айылы тарапта жаңы шаарчанын курулушу башталды

2 / 5

Батыш автобекети, "Ош" базары дал ушул шаарчага көчүрүлүп, ал жакка турак үйлөр да түшөт

3 / 5

Аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзүп, сунушталган участок соода, өнөр жай жана турак жай болуп үч чоң зонага бөлүнөт

4 / 5

Эскизге ылайык, жаңы "Ош" базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлорун, ресторан куруу пландаштырылууда

5 / 5

Турак үйлөр менен катар бала бакча, мектеп да салынары маалым болду

Эскизге ылайык, жаңы "Ош" базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес-борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлорун, ресторан куруу пландаштырылууда.
Турак үйлөр менен катар бала бакча, мектеп да салынары маалым болду.
Белгилей кетсек, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери жаңы автовокзал, "Ош" базары жана турак жай кварталы жайгашкан көп функционалдуу шаарчанын концепциясын иштеп чыгышты. Шаар бийлиги Батыш автобекети менен "Ош" базарын калаа сыртына чыгаруу тыгынды азайтуу үчүн зарыл экенин айтып келет.
Жүргүнчү ташуучулар Батыш автовокзалын Бишкектин сыртына көчүрүүгө каршы