Бишкектин четинде 6,5 млн. долларлык кабель чыгаруучу завод ачылды. Сүрөт

Учурда ишканада 70ке жакын жергиликтүү тургун иштейт. Келечекте алардын саны дагы көбөйөрү күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы завод ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы завод ачылды

2 / 4

Электр зымдарын (кабель) чыгара турган ишкананын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты

3 / 4

Ал кабелдик продукциянын импортуна болгон көз карандылыкты азайтууда долбоордун мааниси чоң экенин белгиледи

4 / 4

Ошондой эле соңку жылдары кабелге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтып, заводдун продукциясы импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады

Электр зымдарын (кабель) чыгара турган ишкананын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты. Ал кабелдик продукциянын импортуна болгон көз карандылыкты азайтууда долбоордун мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле соңку жылдары кабелге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтып, заводдун продукциясы импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады.
Долбоорго "Айыл банк" тарабынан 4,7 миллион доллар бөлүнгөн. Ал эми инвестициянын көлөмү 6,5 миллионду түзөт.
Завод жылына 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Учурда ишканада 70ке жакын жергиликтүү тургун иштейт. Келечекте алардын саны дагы көбөйөрү күтүлүүдө.
"Жунда" заводун модернизациялоо. 160 млн долларлык макулдашууга кол коюлду