Баягы, баягынын таягы... Бишкектеги элди кыжырданткан дагы бир окуя катталды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү үчүн Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча суусуна балык салып, эки жагын тосуп койгон.
Бирок кечке маал ал жерге "тентек балыкчылар" топтолуп, кайырмак менен кармап кетишкен. Бул окуянын видеосу интернетте тарап, соцтармактын колдонуучуларынын кыжырын келтирүүдө.
Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга бир күндө 700 миң сом айып салынды