Байден дебатта уят болгонун мойнуна алды. Трамптын жаңы сунушу

Алгачкы дебатта жолу болбой калгандан кийин Байдендин айланасында анын саламаттыгынан жана жөндөмүнөн шек санаган кеп-сөздөр, шайлоо жарышынан четтөө чакырыктары айтыла баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден мурунку өлкө башчы Дональд Трамп менен болгон дебатта уят болгонун мойнуна алды. Бул тууралуу ал радиого маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Кеп менин уят болгонумда. Ката кетирдим", — деген америкалык лидер.
Буга чейин Байден кеп жарышындагы жолу болбой калганын дебаттын алдында европалык сапарынан чарчаганы менен түшүндүрүп келген.
Ал арада анын атаандашы Дональд Трамп Байденди модератору жок эле дагы бир дебат өткөрүп, жөндөмүн көрсөтүүгө чакырды. Сунушун ал Truth соцтармагына жазган.
"Жо Байдендин компетенттүүлүгү боюнча айтылгандарга жообум бар. Кел, эч кандай эрежесиз жарышка чыгалы. Сахнада экөөбүз эле болобуз, өлкөбүздүн келечегин бардык тарабынан талкуулайлы", — деди Трамп.
Талапкердин айтымында, биринчи дебаттын жогорку рейтинги кийинкиси дагы ийгиликтүү болорун далилдеп турат. Модерациясыз өткөн дебат Байденге курч суроолорго ээн-эркин жооп берип, партиялаштары менен шайлоочуларынын күмөнсүүсүн токтотууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Трамп мындай жарыш өзү үчүн да мыкты тест болорун кошумчалаган.
28-июнда өткөн алгачкы дебатта жолу болбой калгандан кийин Байдендин айланасында анын саламаттыгынан жана жөндөмүнөн шек санаган кеп-сөздөр, шайлоо жарышынан четтөө чакырыктары айтыла баштаган. Өлкө башчы штабы жана Демократиялык партиянын улуттук комитетинин өкүлдөрү менен видеоконференция өткөрүп, шайлоого катышуудан баш тартпай турганын жар салган.
Байдендин жакындары анын дебаттагы жеңилишине күнөөлүүлөрдү тапты