Аймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ эскертүү берди

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо 8-12-июль аралыгында сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.
"8-июлдан 12-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ сел каптап кетпеш үчүн арыктарды таза кармоону эскертти.
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Синоптиктердин бир айга божомолу