Радио

Аралыктан иштеген кызматкерге кандай учурда компенсация төлөнөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек бөлүмүнүн башчысы Бермет Карабаева аралыктан иштөөнү каалаган адис менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлөрүн айтты.
Sputnik
Аралыктан иштөө долбоору азыркы кырдаалга жана бардык тармактын санариптешип жатканына байланыштуу кызматкерлердин үйдөн иштөөсүн жөнгө салат. Бул тууралуу Бермет Карабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө IT адистери онлайн иштешет. Аларга кеңсеге келип иште деген талап коюлбайт.
"Аралыктан иштөө COVID-19 пандемиясы убагындагы муктаждыктан келип чыкты. Ишти жөнгө салуу талабы менен ошол кезде Эмгек кодексине кошумча 32-1 бөлүгү кошулган. Ал жерде урунттуу эле учурлар жазылган. Азыркы учурда Эмгек министрлигине берилген ыйгарым укуктун алкагында ушул жобону тактап жатабыз. Ал — онлайн иштеген адистердин эмгегин жөнгө салуунунун тартиби. Бүгүнкү күндө долбоор коомдук талкуудан өтүүдө. Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырылган. Кайдыгер эмес жарандар жобону карап, өзүнүн көз карашын, пикирин, сунушун берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мыйзам долбоору боюнча аралыктан иштегендердин эмгек укуктары корголот. Эгерде кызматкер өзүнүн компьютерин колдонуп же кандайдыр бир программалар үчүн чөнтөгүнөн каражат төлөп, өзүнө шарт түзгөн учурда иш берүүчү ага компенсация төлөшү керек. Тагыраагы, кызматкердин чыгымын жаап берет. Аралыктан иштөөгө мамлекеттик кызматкерлер өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде өтсө болот. Ал эми жеке ишкерликте кызматкер мекемеге келүүгө мажбур болбосо ыңгайлуу жерде иштегенге укуктуу. Айлык маянасы жумуш берүүчү менен адистин ортосунда эмгек келишиминин негизинде аныкталат", — деди Карабева.
Мындан тышкары, ал эмгек келишими электрондук форматта болуп, ага электрондук кол тамга коюларын кошумчалады.