Тентектик эмес, акция. Мэрия Ала-Арчада балык кармаган видеону түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Ала-Арча суусунда балык кармаган окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, мэриянын кызматкерлери Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги агын сууга экологияны жана тазалыкты сактоого чакырган атайын акциянын алкагында балык салган. Кийин өздөрү балыктарды кармап кетишкен.
Буга чейин соцтармакта мэрия балыкты көрктөндүрүү максатында аталган сууга балык салып, аны "тентектер" кайырмак менен кармап кетишкени тууралуу видео тараган. Буга калктын кыжыры келип, окуя кызуу талкууга алынган болчу.
Ош облусунда жарандарга автоунаадан кичи автобустарга өтүү сунушталууда