Акылбек Жапаров Чүйдөгү унаа чогултуучу заводду көрдү. Сүрөт

Ишкананын аянты 4,5 гектарды түзөт. Беш жылдын ичинде кызматкерлердин санын 1400 адамга жеткирүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан "Тулпар моторс" ЖЧКсынын автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва районунда жайгашкан "Тулпар моторс" ЖЧКнын автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2 / 3

Маалыматка караганда, заводдо жеңил жана жүк ташуучу унаалар чыгарылат. Ал эми автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталат. Ишкананын аянты 4,5 гектарды түзөт. Беш жылдын ичинде кызматкерлердин санын 1400 адамга жеткирүү пландалууда.

3 / 3

Долбоорду ишке ашырууга багытталган инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 миллион долларга жетет. Өнөктөш өлкө — Өзбекстан.

Маалыматка караганда, заводдо жеңил жана жүк ташуучу унаалар чыгарылат. Ал эми автобустар мектеп окуучуларын ташууга багытталат. Ишкананын аянты 4,5 гектарды түзөт. Беш жылдын ичинде кызматкерлердин санын 1 400 адамга жеткирүү пландалууда.
Долбоорду ишке ашырууга багытталган инвестициянын жалпы суммасы эки баскыч менен 110 миллион долларга жетет. Өнөктөш өлкө — Өзбекстан.
Бишкектин четинде 6,5 млн. долларлык кабель чыгаруучу завод ачылды. Сүрөт