6-июлга карата аба ырайы

6-июлга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. 6-июль, ишембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +24...+29, Талас аймагында +23...+28, Ош жана Жалал-Абад облустарында +30...+35, Ысык-Көл жергесинде +19...+24, Нарында +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Аймактарда кайрадан сел жүрөт! ӨКМ эскертүү берди