Камчыбек Касымовдун спорттогу өмүр жолу жана жетишкендиктери — тогуз коргоолду дүйнөгө чыгарган машыктыруучу

Sputnik
Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары улуттук спортко көңүл бурулбай калган. Ага карабастан улуттук спортту өнүктүрүү максатында кээ бир спорттун түрлөрү боюнча федерациялар түптөлүп, өнүгүү жолуна салынды. Алардын катарында Тогуз коргоол федерациясы бар. Бул уктурууда өлкөдөгү тогуз коргоолдун өнүгүшү, дүйнөгө жайылтылышы,
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, кыргыз спортчуларынын ийгиликтери тууралуу спорт ардагери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, эл аралык класстагы спорт чебери, эл аралык категориядагы калыс Камчыбек Касымов менен маектештик.