Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Сокулукта жана Кара-Балтада завод курулат.Улуу Британиядагы парламенттик шайлоо. Риши Сунак премьерликтен кетерин тастыктадыСадыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчы сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин президенттеринин бейформал саммитине катышат. Уюмдун мамлекет башчылары кезексиз жолугушууда "Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу" темасынын алкагында талкуу жүргүзөт. Делегациянын курамындагылар: тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Максат Мамытканов; транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, атайын кызмат ректордун 100 миң сом талап кылганын аныктаган. "Аталган академиянын ректору көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун узартуу үчүн талап кылган", — деп жазылат маалыматта. 4-июлда шектүү миң доллар алып жатканда кармалганы айтылды. Ошондой эле каражатты которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары да кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Чүй облусунда эки завод курулат. Мындай чечим министрлер кабинетинин 4-июлдагы жыйынында кабыл алынган. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, отурумдун күн тартибине жалпы 22 маселе киргизилген. Алардын ичинен өндүрүш багытында долбоорлор боюнча чечимдер кабыл алынганы белгилүү болду. "Чүй облусунун Сокулук районундагы жалпы аянты 1,5 гектар айыл чарба жеринин категориясынын багыты өзгөртүлгөн. Эми ал жерге мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү боюнча завод курулуп, 250 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле Кара-Балта шаарында "Полиэстр жана лайкр кездемесин өндүрүү боюнча заводду куруу" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу чечими кабыл алынды" - деп айтылат маалыматтаБелгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети менен "Зилан Эверсун Текстиль" ЖЧКсынын ортосунда макулдашууга кол коюлган
Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү үчүн Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча суусуна балык салып, эки жагын тосуп койгон.Бирок кечке маал ал жерге "тентек балыкчылар" топтолуп, кайырмак менен кармап кетишкен. Бул окуянын видеосу интернетте тарап, соцтармактын колдонуучуларынын кыжырын келтирүүдө.
Улуу Британиянын премьер-министри жана консерваторлордун лидери Риши Сунак парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча премьер-министрликтен кетерин тастыктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Азыр Лондонго барып, премьер-министрлик кызматтан кетер алдында ишимдин жыйынтыгы тууралуу отчет берем", — деген Сунактын сөзү келтирилген маалыматта. Маалыматка ылайык, 70 пайыздан ашык шайлоо округунун бюллетень санагынан кийин Лейбористтер партиясы көпчүлүк орунду алууда.