Аралыктан иштөө долбоору иштелип чыкты. Долбоордо кандай өзгөрүүлөр бар?

Sputnik
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу тартиби боюнча долбоор иштеп чыкты. Анын максаты азыркы кырдаалга жана бардык тармактын санариптешип жатканына байланыштуу кызматкерлердин үйдөн иштешин жөнгө салуу болуп саналат. Анда жазылгандай, кызматкер үчүн үйүндө отуруп иштөөгө юридикалык мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары долбоордун алкагында иш берүүчүнүн да укуктары сакталганбы? Айлык маянасы жан иштөө графигине кандай таасирин берет? Кандай учурда кызматкер аралыктан иштөөгө өтө алат?
жана башка ушул суроолорго Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин эмгек бөлүмүнүн башчысы Бермет Карабаевадан жооп алдык.