Кара-кыргыз автоном облусунун түптөлүшүндө коомду агартууга салымы зор даңазалуу №5 мектеп

Sputnik
Тарыхын барактап көрсөк-1926-жылы Таштак орто мектеби болуп, калаабыздын Москва - Герцен көчөсүнүн кесилишиндеги имаратта эки класстык бөлмөдө уюштурулган. Эң биринчи директору Бектурган Койчуманов. Ал мектеп ачылаардан бир жыл мур-да 1925-жылы январь айында Москвада мугалимдердин Бүткүл Союздук съездинде Н.ККрупская менен жолугушкан. Таштак жети жылдык орто билим берүү мектебиндеги 6 мугалим 67 окуучуну окутушкан. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдун саны 17 болгон.
Жалпы республика боюнча балдарды окутуп, тарбиялоо максатында 1936-37-окуу жылы мектеп алдында интернат уюштурулат. Анда алыскы аймактарда эмгектенген чабандар, фермерлер эмгектенген. Бүгүнкү күнү мектеп өзүнүн бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Алсак Абдылда Каниметов, Сопубек Бегалиев, АпасЖумагулов, Ишенбай Абдразаков, Медеткан Шеримку-лов, Бейшегүл Үмөталиева, Аскар Какеев, Абдыбек Суталинов, Кубанычбек Сыйданов өңдүү эл багар уул-кыздар жана Даркүл Күйүкова, Байдылда Сарногоев, Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов,Тургунбай Сыдыков,Турар Кожомбердиев, Эрнист Турсунов, Өскөн Даникеев. Жамал Сейдакматова, Алмазбек Зарлыкбеков, Жалил Садыков сыяктуу орошон таланттар бүтүп чыгышкан.