Лукашенко: Вашингтон менен Лондон гегемониядан улам дүйнөнү менчигиндей көрөт

Президент дүйнө терең кризиске кабылып турган чакта ШКУ эмне кыла аларына да токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Вашингтон-Лондон гегемониясы дүйнөнү менчиги катары көрөт. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко "ШКУ плюс" саммитинде билдирди.
"Планетанын көп миллиарддаган калкы алар үчүн адам эмес, жеке жыргалчылыкка жетүүнүн каражаты болуп саналат. Саясий экономия мына ушунда. Эл аралык коопсуздук көйгөйлөрү да ушундан жаралып жатат. Дал ушул философиянын негизинде Украинада чатак чыкты, ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Эмне себептен экенин билебиз. Натыйжада дүйнө терең кризиске кептелди", — деди Лукашенко.
Ал бул жагдайда ШКУнун мүчөлөрү эмне кыла аларына токтолду.
"Биз, ШКУнун мүчөлөрү, мындай кырдаалда эмне кыла алабыз? Эң жакшы жооп – бул биздин биримдигибиз", — деди ал.
Лукашенко уюм өз ара биримдикте чоң Евразияны түзүү керектигин кошумчалады.
ШКУ Палестина маселесин адилет чечүүнү жактайт