Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Украинанын жетекчилиги бийликте мыйзамсыз отурат

Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Украинанын жетекчилиги бийликте мыйзамсыз отурат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.
Өлкө башчысы ШКУнун Астанадагы саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

“Азыркы бийлик өзүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоо үчүн Конституциялык сотко кайрылган дагы эмес. Анткени Украинанын Жогорку соту 2015-жылы өлкө президенти беш жылга шайланары тууралуу чечим чыгарган. Конституцияга ылайык, мөөнөттү узарта алышпайт”, — деген Путин.

Президент Украинада бийлик узурпациялангандыктан Жогорку Радага кайрылуудан пайда жок экенин белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Киев менен сүйлөшүүлөр Стамбул келишимдеринин негизинде болушу мүмкүн