Радио

Ала-Арча паркында спорт менен туризм айкалышкан марафон өтөт

"Тоодогу чуркоо" иш-чарасынын уюштуруучусу Самат Шатманов жарышка жашы 15тен жогору каалоочулар катыша аларын айтты.
Sputnik
Спорт жана Кыргызстандын табиятын даңктаган "Тоодогу чуркоо" аталышындагы иш-чара 7-июлда Ала-Арча жаратылыш паркында өтөт. Бул тууралуу Самат Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында тоо койнунда чуркоо жөө күлүктөргө жаңы чакырыктарды сунуштайт.
"Марафон 7-июлда Ала-Арча жаратылыш паркында өтөт. Ага 15 жаштан жогору, медициналык маалым каты бар бардык адамдар катыша алат. Жөө күлүктөр 5 чакырымдык жана 12 чакырымдык алыстыкка чуркашат. Атайын кызматкерлер, дарыгерлер катышуучулардын коопсуздугун камсыздайт. Каалоочулар социалдык тармактардагы биздин баракчалар аркылуу дагы жазылса болот. Бул жарыштын бир нече өзгөчөлүгү бар. Азыр туристтик мезгил, жарышка келген чет өлкөлүк эс алуучулар, жалпы эле катышуучулар биздин табиятты көрө алышат. Иш-чаранын негизги максаттарынын бири — Кыргызстандын керемет табиятын даңктоо. Экинчиден, тегиздикте чуркоо оңой, ал эми тоодо тоскоолдуктар көбүрөөк, жөө күлүктөрдүн өздөрүн сыноосуна жакшы мүмкүнчүлүк. Үчүнчүдөн, азыр жай мезгили, тоо койну салкын. Мына ушул шарттардын баары эске алынды", — деди Шатманов.
Ошондой эле ал коомчулукту спортко чакырып, иш-чаранын идеологиялык мааниси эбегейсиз экенин кошумчалады.