Соттор кеңеши Чүй облустук сотунун эки судьясын жоопко тартууга макулдук берди

Президентке аталган судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилгени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилди. Бул тууралуу Соттор кеңешинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын тиешелүү сунушу кеңеш тарабынан 3-июлда каралып, канааттандырылган. Учурда судьяларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш президентке киргизилгени белгиленди.
Эске салсак, Чүй облустук сотунун судьялары К.У.Ж. жана А.Т.А. коррупцияга шектелип УКМК тарабынан 2-июлда кармалган.
УКМК: чоң кызматтагы адамдардын атын жамынып акча талап кылгандар кармалды