Радио

Россиянын укук коргоо органдары баңгизат сатууга каршы күрөшүү боюнча окутушту

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Марсел Дооталиев өлкөдө синтетикалык баңгизат биринчи жолу 2017-жылы пайда болгонун айтты.
Sputnik
2024-жылдын башынан бери баңгизат саткан 24 интернет-дүкөн аныкталып, экөөнүн ишмердигине бөгөт коюлган. Бул тууралуу Марсел Дооталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, синтетикалык баңгизат саткан Telegram-каналдар улам аныкталып жабылууда, бирок башкасын оңой эле ачып алып жатышат.
"Кыргызстанда синтетикалык баңгизат биринчи жолу 2017-жылы пайда болгон. Негизи эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, иш-чараларды өткөрүп турабыз. Ошону менен катар башка өлкөлөрдүн баңгизаттар менен байланышкан кырдаалын изилдейбиз. Баңгизаттарды интернет аркылуу сатуу коркунучу бизге да келерин билгенбиз. Анткени бул дүйнө жүзү боюнча жаралган көйгөйлүү маселе. Атайын демилгенин негизинде биздин кызматтын ичинде Синтетикалык баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлгөн. Бул башкармалыкка технология жаатында билими бар кесипкөй кызматкерлер дайындалган. Биз синтетикалык баңгизатты гана көзөмөлдөбөстөн, интернет мейкиндигинде баңгизат сатуучу IP-каналдарды да аныктайбыз. Аналитикалык борборубузда төрт программа иштеп жатат. Кызматкерлер 24 саат бою иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Россиянын укук коргоо органдарынын атайын адистери ушул июнь айында келип, биздин балдарды синтетикалык баңгизат сатууга каршы күрөшүү жаатында окутуп кетишти. Технологиялар өнүккөн сайын кылмыштуулуктун да жолдору кеңейбеши үчүн ошого жараша адистешүүбүз керек", — деди Дооталиев.
Ал аймактардагы аталган башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү да иш-чараларды өткөрүп турарын кошумчалады.